Түштүк Ооганстанда Канадалык аскер бомбадан каза болду

Канада бийлигинин маалыматы боюнча окуя Кандагардын батышындагы Панжави районунда болгон. Жол жээгине коюлган бомбадан Канадалык аскерлердин транспорту кыйраган. 2002-жылдан бери Ооганстанда 79 аскер жана 1 дипломат курман болгон.(ZKo)