10:20 Анри Дрюссо: Кыргызстан Санта Клаустун өлкөсү деген атак алууга курулай чамынып жатат

Франциядагы Велотуризм боюнча ассоциациянын президенти мындай пикирин аталган мамлекеттин Гернобль шаарында Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө арналып уюштурулган талкууда билдирди. А. Дрюссонун пикиринде Европалыктар үчүн Санта Клаус биринчи кезекте христиан дини, Рождество, Түндүк уюл, лаппландиялык кийим-кечелер менен айкалышып турат. Ал эми Кыргызстан батыштык туристтерди Азиянын так жүрөгүнөн орун алган, Улуу Жибек жолунун боюндагы ак мөңгүлүү аска-зоосу бар өлкө катары, көчмөн маданияты менен гана өзүнө тартат. Француз-кыргыз кызматташуусу боюнча ассоциациянын билдиришинче мындай пикирди жыйынга катышкандардын көпчүлүгү кубаттоого алды. "Франциядагы Кыргызстандын туризм күндөрү" аттуу иш-чара 1-мартта өткөн жана ага туризм боюнча француз эксперттери, туристтик агенттиктер менен бирикмелердин өкүлдөрү, журналисттер катышкан. (EBM)