10:41 “Улуттук спорт оюндары” боюнча мыйзамга кошумчаларды киргизүү маселеси парламентте каралат

Бул маселе Жогорку кеңештин жаштар, гендер саясаты, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү күн тартибинде турат. Аталган мыйзам долбоордо ат чабыш, бел күрөш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук спорт оюндарын элге жеткирүү, алардын айрымдарын дене тарбия сабагында окутуу каралды.(MSu)