18:40 Талас сот өкмөт башчынын картежин таш менен урду деп соттолгондордун ишин карады

Бул иш боюнча облустук сотто буга чейин иш соттолуучулардын толук келбегендиктен улам жылдырылып келкен. Бүгүн эмнегедир жалпы 8 соттолуучунун болгон төрт эле адамы келсе да, сот иши болуп, сотту төрагалык кылган Мирбек Кенжешов Талас райондук сотунун чыгарган чечимин күчүнө калтырды. Былтыр 15-декабрда Талас райондук сот Сыргабек Молдобаев менен Зина Дүйшөналиеваларга 2 жыл шарттуу түрдө берип, калгандарын толугу менен актаган. Бирок укук коргоочу Арзыкан Момунтаева бул саясий оюндун артында чоң саясатчылар бар деп, бул иш кайрадан козголушу мүмкүн деп шектенет. (UA)