13:50 Былтыр Кыргызстанга кийим тигүүчү он миң жабдык алып келинген

Эки жылдан бери кийим-кечекти экспорттоо кыйла өстү. Былтыр эле 40 млн. сомдук товар экспортко чыгарылган. Бул тууралуу жеңил өнөр жай ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов “ Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканалары өндүргөн товарларды элге жеткирүүчү борбор, аталган тармакта иштей турган профессионал адисттер, ишканаларды көбөйтүү үчүн имараттардын жетишсиздиги негизги көйгөйлүү маселелер болууда. (AJ)