Пакистанда оппозициячыл эки партия курама өкмөт түзүү жөнүндө келишимге жетишти

Бул тууралуу экс-премьер Наваз Шариф билдирди. Анын партиясы маркум Беназир Бхуттонун элдик партиясы менен бирге жаңы өкмөткө киргени жатат. Жакында өткөн шайлоодо Эки партия парламенттеги орундардын көпчүлүгүн жеңип алышкан эле.