11:15 Кадамжайда чайканадагы жарылуудан сегиз киши жабыркады

Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ саат 16:30 чамасында чайканадагы газ баллону жарылып кеткен. Андан 2-3–даражадагы күйүккө учураган сегиз киши ооруканага жеткирилди. Алардын үчөө чайкана кызматкерлери экендиги айтылууда. (ZKo)