07:50 «Ата Мекен» партиясы Шаардык кеңешке шайлоого даярдык көрүүдө

Партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Жоомарт Сапарбаев «Азаттыкка» билидиргендей, ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаардык кеңешине өтчү шайлоого даярдыктар партиянын 15-мартта өтө турган жыйынында каралчу негизги маселелердин бири. Мындан тышкары конференцияда Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык жагдайы, өлкөдөгү жалпы саясий абал жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгы каралат. Конференциянын жыйынтыгы боюнча партиянын мүчөлөрү билдирүү жасашмакчы.(MSu)