КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ЫСЫК-КӨЛДҮН БИР ЫПТАСЫН ОРУСИЯГА САТАБЫ?

"Кыргыз бийлигинин колунан жакшылык келбей калганын түшүнгөн соң бул жолку Кайрылуубузду Кыргыз эли өзүңө жолдоп турбуз. Баягы үзүктөй Үзөңгү-Кууш жерибиз Кытайга кеткендеги канатыбыз кайрылганы эмдигиче ордуна келелек жатса бул карегиң түшкүр бийлик Ысык-Көлдүн бир ыптасын Россия Федерациясына, болгондо да Аскер Деңиз Флотунун объектилерин жайгаштыруу үчүн бергени жатат. Россиянын Куралдуу Күчтөрүнө берилчү жалпы аянт-811,2 гектар жер жана буга кошумча 52,5 гектар андагы объектилери, ошондой эле акваториянын 0,5 квадрат мил аянты менен кошо берилет. Эки өлкөнүн достук жана кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимине ылайык Россияга берилген Карабулуң жарым аралынын аймагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн жабык болот. Ошол эле документтин 4-статьясына ылайык Кыргызстандын бийлиги Россия аскер кызматчыларынын статусун урматтайт, жеке коопсуздугун камсыз кылат, менчик мүлкүн сактайт, коргойт. Кокус аларга зыян келтирилсе ордун толтуруп берүүгө макул болот ж.б.д.у.с. Ал эми Орусияга берилчү жер канча жылга берилет, кандай шартта берилет, аскердик сынак жүргүзүлгөндө анын көлгө зыяны канча? Бул жөнүндө эч кандай сөз жок. Болгону 866,4 гектар жер ижарасы үчүн Россия Кыргызстанга 4,5 миллион доллар төлөп турары көрсөтүлгөн. Ал миллиондордун убайын деле атпай кыргыз журту эмес баягы эле Акүйдүн атка минерлери көрбөйбү? Ким кепилдик бере алат? Айтор бул маселе жакында Жогорку Кеңеште каралып, андан өтүп кетиши мүмкүн. Ысык-Көл бизге гана эмес неберелерибиздин неберелерине да керек экенин унутпайлы", деген сөздөр менен аяктаган Кайрылуу, "биз бул ишке тиешеси бар КР Коргоо министри И.Исаковдон, УККнын мурдагы төрагасы Т.Айтбаевдан, депутат Р.Тагаевдан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри Ж.Рүстөнбековдон, ИИМ министринин мурдагы орунбасары М.Суталиновдон, Маммүлк башкармалыгы боюнча комитеттин мурдагы орунбасары С.Бакировдон жооп күтөбүз" деп корутундулайт. Кайрылуу бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезитине жарыяланды.

Гезит мындан тышкары “Сиабекону” кыргыздын шоруна Санжар Айтматов алып келген, Бирштейндин Кыргызстанга келишинин башында Чыңгыз Айтматов турган” деген Чолпон Орозобекованын, “Бакиев көрмөксөн-билмексен болуп, баарын балдары менен инилери чечет” деген Азимбек Бекназаровдун, “Кошоматты сүйгөн падыша кошоматтан өлөт” деген Ишенбай Абдуразаковдун, “Коомдук парламенттин Жогорку Кеңешти узурпациялоо максаты жок” деген АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йовановичтин интервьюлары менен макалалары жарык көрдү.

“Лица” гезити жаңы санында миграция маселеси тууралу сөз козгоп, макаланын атын “Адамдар бул жактан акча таап келиш үчүн кетип жатышат, ал жактан алардын сөөгүн алып келишет” деп атады. Орусиянын Эларалык миграция кызматынын өкүлү Сергей Болдыревдин айтымында ырасмий маалымат боюнча орус жергесинде жүргөн Кыргызстандыктардын саны-250 миңге жакын, Казакстанда-30-40 миң. Мигранттардын айрымдарынын Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө дегеле ойлору жок. Мисалы Жалал-Абаддык Бакыт аттуу жигит ата-энесине мурда 300 доллардан акча салып келсе, азыр 500 доллардан салып турарырн, ал жөнөткөн акчага ата-энеси айылга үй салып, мал күтүп, инилери фермерлик кыла баштаганын, өзү болсо Бишкектен квартира сатып алсам деп максат кылып жатканын, улуу агасы болсо Екатеринбургда жашарын, ал орус жарандыгын алып, азыр Кыргызстанга кайтайын деген ою болбой калгандыгын айтып берген.

“Эмгек миграциясы” Эл аралык ассоциациясынын президенти Николай Курдуюмов кокус эмгек мирганты пенсия курагына жеткен кезде анын андан аркы турмушу кандай болот, анын кайда иштегенин юридикалык жактан ким бекемдеп, ким тактайт деген суроону коюп, ошондуктан мындай маселелерди чечүү үчүн мигранттар менен иштей турган профсоюз комитеттерин түзүү керек дейт. Казак парламентинин депутаты Алдан Смайыл миграция боюнча Эларалык Банк түзүү сунушун айтат. Мындай банк миграция агымын жөнгө салып, алардын укугунун бузулушуна көзөмөлдүк кылып турганга жардам бермек. Кыргыз парламентинин мүчөсү Николай Байлонун оюнча Кыргыз мамлекети башка жердеги өз жарандарынын кызыкчылыгын коргой албай келатат. Маселен Казакстан менен Орусия мигранттарды легалдаштыруу чараларын эбак көрсө, Кыргызстан али бул багытта ордунан козголо элек. Анын үстүнө Кыргызстанда ушу күндө ырасмий эмес маалыматтар боюнча 100 миңге жакын кытай жана түрк мигранттары бар. Акыркы кездери ислам радикалдашып, тыюу салынган диний экстремисттик уюмдар жанданып жаткан кезде 7 миң аскери бар Кыргызстан үчүн 100 мигранттан турган “чакырылбаган мейман” күтүү өтө олуттуу ойлонууга түртө турган сан эсеби болуп саналат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ