11:17 Дүйшөмбү күнү Бишкекте кыргыз-америка кызматташуусу боюнча консультативдик жыйын башталат

Эки тараптуу кызматташуулар боюнча экинчи консультативдик жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Памела Спрайтленд катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Спрайтленд айымдын Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен да жолугушуусу белгиленген.(AiT)