Мындай маалыматты Нарын облусунун губернаторунун маалымат катчысы Айнура Темирова “Азаттыкка” билдирди. №3 өндүрүштүк линиялык автожол башкармалыгынын башчысы Келдибек Кадыркулов Атбашы районунун Дыйкан айылынын туругуну Сарукеедин багуусунда турган 6 баш жылкысын өзүм билемдик менен менчиктеп алган. Натыйжада Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 353-беренесине ылайык Келдибек Кадыркуловго карата №22-08-14 сандуу кылмыш иш козголгон. Мындан тышкары №3 автожол башкармалыгы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун талаптарына ылайык иш жүргүзбөгөндүгүнөн улам облус губернатору Өмүрбек Субаналиев өлкөнүн унаа жана коммуникация министрине Келдибек Кадыркуловду ээлеген кызматынан бошотуу сунушун жиберген. (KUs)