13:15 А. Абдырасулова: Элдик сот – аргасыздыктын чарасы

Мындай пикирин аксылык жабырлануучулардын коомдук коргоочусу, «Кылым шамы» уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова билдирди. Элдик сот мыйзамга каршы келбейт, бирок, мунун моралдык салмагы расмий соттон оор деп эсептейт Абдырасулова. Анын айтымында Аксы окуясы боюнча 17-мартта Аксы районунда өтөөрү күтүлүп жаткан элдик сотко байкоо жүргүзүү үчүн Бишкектен укук коргоочулар тобу барганы жатышат.
Өткөн айдын этегинде аксылык жабырлануучулар Аксы окуясы боюнча элдик сот өткөрүп, күнөөлүү деп санагандардын аттарын атаарын жарыялаган. Муну аксылыктар Аксы окуясына укуктук баа берилерине ишеними түгөнгөндүгү менен негиздешкен. (BuS)