7:19 «Акыйкат үчүн» кыймылы бүгүн Талас облусунда элдик жыйын өткөрөт

Ага кыймылдын координациялык кеңешинин жетекчилери жана мүчөлөрү катышмакчы. Жыйында 29-мартта Бишкекте өтчү жалпы элдик курултайга делегаттар шайланат. Андан соң мындай жыйындар түштүк облустарында өтөөрү кабарланууда. Аймактык жыйындардын алгачкысы өткөн жума күнү Нарында өткөн.(SM)