Афина менен Скопье Македониянын аталышы боюнча бир пикирге келе алган жок

Бирок тараптар сүйлөшүүнү эмки жумада Нью-Йоркто уланта турган болушту. Македония деген аймак Грецияда да бар. Ошондон улам Афина башка мамлекеттин мындай аталышын расмий тааныгысы келбейт. Греция келечекте бул өлкө аймактык доомат кылышы мүмкүндүгүнөн кооптонот.