9:15 Бүгүн Коомдук парламенттин экинчи отурумунда март ыңкылабынан кийинки абал талкууланат

Бул тууралуу билдирген аталган парламенттин тең төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, азыркы бийликтин үч жылдан берки иш аракеттерин, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды эксперттер, саясий партиялардын жетекчилери, көз карандысыз коомдук саясий ишмерлер талкуулап, баасын берет. “Отурумда кабыл алынган чечимдер коомчулукка жана бийликке жолдонот. Расмий бийлик коомдук уюмдар, коомдук бирикмелер менен эриш-аркак иштесе пайдалуу болот эле”,- дейт Эркебаев. Ал ошондой эле отурумду кайсы бир деңгээлде алдыда өтүүчү 29-марттагы Элдик курултайга даярдык катары кабыл алса болорун белгиледи. Коомдук парламенттин отуруму бүгүн саат он бирде башталат.(AJ)