17:45 Жалалабатта Нооруз майрамы көргөзмөлөр жана ат оюндары менен коштолду

Нооруз майрамына облустук бийлик алдында чогулгандарды облустун губернатору Кошбай Масиров менен Жалалабат шаарынын жана облустун улуттук маданий борборлордун жетекчилери куттукташты. Жаздын келишин жар салган келин-кыздар менен кошо айдоо мезгилин элестеткен театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Ал оюн-зоокко шаардагы орто жана жогорку окуу жайлардын 500дөй өкүлү катышып, анын негизги ролдорун облустук Барпы театрынын актерлору аткарышты. Облус борборундагы Нооруз майрамы тамак-аштардын, азык-түлүктөрдүн, эл керектөөчү буюмдардын көргөзмөлөрү жана спорт оюндары менен коштолду. (YA)