АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пэлоси Далай-Лама менен жолугушту

Бул жолугушуудан соң Пэлоси айым эл аралык коомчулукту Кытайдын Тибеттеги иш-аракеттерин сынга алууга чакырды. Далай-Лама менен Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пэлоси Индияда кездешти. Бул жерде бозгунда жүргөн миңдеген тибеттиктерге кайрылып, Пэлоси айым алардын укугун коргоо адам укугун коргоодогу «моралдык жоопкерчилик» экендигин белгиледи.