Майрамдын урматына бүгүн жасаган салттык кайрылуусунда Рим папасы Бенедикт XVI зордук–зомбулук, адилетсиздик, жек көрүүчүлүктү "адамзаттын балекети" деп атады. Өзгөчө Ирак, Тибет, Дарфурдагы чыр-чатакты жөнгө салып, тынчтык орнотуучу чечимдерге жетүүнүн зарылдыгын белгиледи. Кайрылуусунан алдында Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Ватикандагы ыйык Петр соборунда диний жөрөлгө өткөрдү. Келерки айда 81 жашка чыгуучу понтификтин сөздөрүн угуу үчүн оң миңдеген адамдар жыйналды.