16:20 Оппозиция президенттин денсоолугуна байланыштуу ушак-айыңга тиешеси жоктугун билдирди

Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин десоолугуна байланыштуу ар кандай ушак-айыңдарды саясий максатты көздөгөн кээ бир кишилердин топтору тараткан, деп билдирген президенттин басма сөз кызматынын маалыматын “Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөлөрү четке какты. Алар мындай айың кептердин чыгышына президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов менен президенттин басма сөз кызматы өздөрү күнөөлү экендигин айтышты. Ревкомдун жетекчиси Азимбек Бекназаров президенттин аудио же видео кайрылуусун расмий каналдар аркылуу маалымдаганда коомчулукта мынчалык уу-дуу кептер чыкпастыгын белгиледи. Аликбек Жекшенкулов болсо президенттин кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсү бир жума эле болоорун, ал эми 28-мартка чейин чет жакта болушу толук эмгек өргүү болуп эсептелерин кошумчалады. (AJ)