8:12 Бүгүн Ташкенде Шанхай кызматташуу уюмунун антитеррордук структурасынын жыйыны болот

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. ШКУнун Аймактык антитеррордук уюмунун аткаруу комитетине учурда Кыргызстандын өкүлү Мырзакан Субанов төрагалык кылат . Айрым маалыматтарга караганда, жыйында Тибеттеги окуялар талкууланат.ШКУнун антитеррордук уюмунун онунчу жыйыны өткөн жылы сентябрь айында Россиянын Екатеринбург шаарында болуп, кезектеги жыйынды март айында Ташкенде өткөрүү чечими кабыл алынган.(AiT)