КАЗАК КАРКЫРАДАН КИРСЕ, ТАЖИК МЕНЕН ӨЗБЕК БАТКЕНДЕ ҮЙ САЛЫП ЖАТАТ

Жалаң орус тилинде жарык көрүп келаткан “Общественный рейтинг” гезити бүгүнкү санына Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге кыргыз тилинде жазылган Ачык катты жарыялады. Кат ээси Кызыл Кыя тамеки заводунун жетекчиси Мансуралы Султанов Баткен аймагында Кыргызстанга таандык жерлерге коңшу тажик, өзбек улутундагы жарандар кеңсе, там, жай салып жатышканын, жергиликтүү жаштар өз үлүштөрүн, там-аркаларын сатып жиберип, чет мамлекеттен иш издеп кетип, сатканда да жергиликтүү калкка эмес коңшу жашаган тажиктер менен өзбектерге сатып, анын кесепетинен коңшу өлкөнүн жарандары чегараны улам ичти көздөй жылдырып, кыргыздын жерин жөн эле ээлеп келаткан көрүнүштөр көбөйгөнун белгилеп, эгер бийлик, бийлик алдындагы министрликтер бул багытта бир иш жасабаса ата-бабалар канча кылымдан бери кыргызга мураска калтырган жерибизден айрылуу коркунучу бар деп эсептейм деп коңгуроо кагып чыкты.

“Де-факто” (http://defacto.kg/)гезити мына ушул маселе тууралуу чакан кабарында Ысык-Көлдүн Каркырасындагы казак-кыргыз чегарасына байланыштуу талаш жерлер боюнча мурдагы ЖК парламенти эки өлкөнүн буга байланышкан келишимин ратификациялабай токтотуп келгенин, ал ортодо казак тарап ал документти өз парламентинде 2004-жылы эле ратификациялап алып, Каркырадагы чегара бекетин бери көздөй 8 чакырым жылдырып келип туруп калганын, жакында маселенин күңгөй-тескейин карап чыгуу үчүн көл тарапка депутаттардын атайын тобу аттанганын кабарлады. Гезит андан аркы маалыматтарында Жогорку Кеңештин төрагасы А.Мадумаров экс-депутат Болот Шерниязовго мурдагы Жогорку Кеңеш тарабынан берилген үйүнүн артынан түшүп жүрүп кыштын кыраан чилдесинде бошоттуруп алганын, бирок президенттин биртууган иниси Марат Бакиевдин депутат кезинде ээлеп турган үйүн бошотуп бер дегенге оозу барбай турганын, демек мыйзам башкалар үчүн мыйзам, ал эми Бакиевдердин үйбүлөсү үчүн мыйзам эмеспи деп, премьер-министр Игорь Чудиновдун газ тармагындагы коррупциялык иштерге аралашканынын бетин ачкан “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын мурдагы инженери Керимбек Сарбашевге куугунтук башталып, ал кичи Мекени Алайга качканын, Алайда дароо эле аны коргоо комитети түзүлгөнүн жазды. “Быйыл президенттик чукул шайлоо болобу?”. Мына ушул суроого жооп издеген гезит айрым жарандарга кайрылганда, депутат З.Курманов, президенттик шайлоо бул жылы болбойт деп, саясат иликтөөчү Марс Сариев, болушу мүмкүн эмес, анткени азык-түлүк кризиси күтүлүүдө, эгер акыбал күзгө дейре дурус болсо шайлоо күзүндө болушу мүмкүн деп жооп кайтарган. Саясатчы Ө.Текебаев быйыл Бакиевге акыл-эс, ыйман кирип чукул шайлоо уюштурбайт деп, коомдук ишмер И.Абдуразаков адистер арасында президент да, парламент да легитимдүү эмес деген пикирлер болсо да шайлоонун азыр кереги жок, кээ бирөөлөр “эл сизди колдойт, шайлоого барыңыз” деп Бакиевди шыкакташы мүмкүн, бирок анын шайлоодон мурда өлкөнү учурдагы оор абалдан чыгарып кете турган реформаларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп белгилешкен. Саясат иликтөөчү Т.Какчекеев эгер Бакиев президенттик шайлоого барса анын президенттик мөөнөтү 8 жыл, эгер 2010-жылы барса анда 10 жыл бийледи деп эсептелет деп, саясатчы А.Бекназаров Бакиев арыдан-бери өз бийлигин узартып алууну көксөп турат деген пикирлерин билдиришкен.

Акаевге окшоп эл чечсин деп референдумга алып чыгат, Акаев да легендарлуу парламентти таратып, өз бийлигин узартып алган болучу. Бакиев дал ошол Акаев кеткен жол менен кетет деп саясатчы Т.Тургуналиев президенттик чукул шайлоо болбосуна бөркүмдөй ишенем, ушинтип таккесе айталам, чукул шайлоо өткөрөт дегендер терең жаңылышат. Анткени Бакиев ансыз деле өз бийлигин бекемдеп алган. Андан сырткары көптөгөн мафиоздордон турган өкмөт курады. Оппозиция ар түркүн да, саткынчы да. Ошол эле Бакиев көптөрүн сатып алды: М.Эшимканов, А.Атамбаев,Ж.Сатыбалдиев, Ф.Кулов... К.Байболовдор болсо чоң саясаттан кетти. Бизде кайдагы оппозиция деп, саясатчы А.Жекшенкулов биздин өлкөдө бардыгын күтсө болот. ошондуктан президенттик шайлоо жылдын 2-жарымында өтүшү мүмкүн деген жоопторду беришти.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ