Ирактын премьер-министри Нури Ал-Малики шийи согушкерлерине куралын таштоого берген мөөнөттү дагы 10 күнгө узартты

Ал-Малики 8-апрелге дейре куралын өткөрүп берчү согушкерлер акчалай сыйлык алаарын кошумчалады. Ирактын коопсуздук күчтөрү апта башында Басрада жана башка жерлерде шийи согушкерлерине каршы ачкан аскердик операциядан 130дан ашуун киши набыт болду.