Сириянын борбору Дамаскта Арап өлкөлөрүнүн эки күндүк саммити ачылды

Жыйынга Арап Лигасына мүчө 22 өлкөнүн 9унун жетекчилери катышкан жок. Серепчилер бул 9 өлкө лидерлери Сириянын Ливан маселесинде жана Израил-Палестин чатагы боюнча катаал позициясына каршылык билдирүү максатында келбей калганын айтышат.