11:32 2002-жылы 18-марттагы Аксыдагы окуя боюнча тергөө иши аяктап, иш сотко жолдонду

Бул тууралуу башкы прокуратуранын тергөө башкармалагынын башчысы Учкун Каримов бүгүн билдирди. Анын айтымында, 18-марттагы окуя боюнча мурда токтотулган кылмыш иши кайра козголуп, тергөө соңуна чыгарылды. Кылмыш иштин алкагында Калмурат Садиевге кызмат абалынан ашыра пайдаланган деп айып коюлду. Ал берене боюнча айыпталуучу 3 жылдан 5 жылга чейин кесилиши ыктымал. Иш Бишкек гарнизондук сотуна берилди. Белгилүү болгондой 18-мартта Аксыга коменданттык саат киргизилип, комендант болуп ал кездеги ички иштер министринин орун басары Калмурат Садиев дайындалган. Коменданттык саат учурунда 18 жаштагы Элдияр Үмөталиев атылып, көптөгөн адамдар сабалган. (AiT)