16:02 Кыргызстан алгачкы жолу “Pro- teatr-2008” аттуу театралдык рынокко чакырылды

4-апрелден тогузуна чейин Орусияда өтчү бул иш-чарага ар кыл мамлекеттерден жүз кырк катышуучу чогулат. Иш-чарада “Алтын маска-2009” деген фестивалга катышуу үчүн мыкты театралдык оюндар тандалат. Мындан тышкары АКШнын, Германиянын, Орусиянын маданият ишмерлери бир катар семинарларды өткөрүшөт.(AiJu)