Британия Ирактан аскер чыгарып кетүүнү кийинкиге калтырды

Иракта кырдаалдын начарлашына байланыштуу, Британиянын коргоо катчысы Дес Браун Басра шаарынын айланасында турган 4 миң аскерди 1 жарым миңге кыскартуу планы убактылуу токтотулуп жаткандыгын бышыктады.