Зимбабведе оппозиция президенттик ат салышта жеңип чыккандыгын жарыялады
Демократиялык өзгөрүш кыймылынын ырастоосунда, кыймылдын жетекчиси Морган Тсвандирай президент Роберт Мугабини жеңип чыкты. Бийликтер ишембидеги шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоону артка тартып келатышат.