БАТЫШ БАСЫЛМАСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЯЛДАРДЫ БАСЫНТТЫБЫ?

Миллиондогон тираж менен чыккан “Мари-Клер” аттуу француз журналы март айындагы санында Кыргызстандын аялдары тууралуу чындыкка коошпогон, алардын аброюна шек келтирген макала жарыялаганын айтып, кыргыз тарап маселеге байланыштуу билдирүү тарата баштады. Буга байланыштуу маалымат жыйын уюштурган жарандык коомдун өкүлдөрү менен бийлик адамдары жазылгандардын бардыгы чындыктан алыс экендигин айтышып, батыш басылмасы мындай маалыматты төгүндөшү керектигин айтышууда. Аларга Кыргызстанды жакшы билген француз жарандары да тилектештигин билдиришти.
“Мари-Клер” журналы Францияда гана эмес бир канча өлкөлөрдө миллиондогон тираж менен чыккан басылма. Так ушул журналдын акыркы санында кыргыз аялдарынын сүрөттөлүшү абдан эле апыртылып, “кыргыз кызы билим алуудан четтетилген, анын баңги болуу, сойкулук кылуудан башка аргасы жок”, - деген сыяктуу жаңылыш салыштыруулар берилген деген кыргызстандыктар нааразычылыктарын билдире башташты.

Маселен, Кыргызстанга 8 жылдан бери келип, кыргыздын маданиятына, салт-санаасына, кыргыз жылкысына кызыгып жүргөн Жаклин Рипар аттуу француз жараны дагы бул макаланы окуп абдан таң калганын, мындай нерселер Кыргызстандын аброюна шек келтирип, өлкөгө туристтер менен инвесторлордун келишине тоскоол болорун айтты:

-Мен муну чынында эле төбө чачты тик тургузган, басмырлаган макала экендигин айткым келет. Ал кыргызстандыктарды гана эмес, Кыргызстанды жакшы билгендерди, келип жүргөндөрдү да басмырлагандай. Мен ошол Кыргызстанды сүйгөн адамдардын биримин. Сегиз жылдан бери Кыргызстанга келем. Бул макаладагы эң башкы ката - маселе жалпыланып, кыргыз элинин бардыгы ошол макаладагыдай сүрөттөлгөн.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков өлкөнүн аброюна тийишкен мындай макалага сөзсүз көңүл бурула турганын айтат. Ал маселени териштирүү үчүн бүгүн эле Кыргызстандын ошол чөлкөмдү караган элчилигине тапшырма берип, керек болсо Европа парламентине чейин кайрыла турганын айткан депутат, ошондой эле “Мари-Клер” журналынын редактору менен чуулгандуу макаланын авторун дагы чыныгы абал менен тааныштыруу үчүн Кыргызстанга чакыра турганын баса белгиледи:

-Мен биздин элчиликке тапшырма берем. Юридикалык жактан кандай баа беребиз, төгүндөтүү маселесин кандай бердиребиз... Анан ошол журналдын редакторуна кат жиберем, келип кетиңиз бул жакка деп. Анан парламентине да кат жиберем деп чечтим.

Бир катар адистер чынында баңгилик, сойкулук сыяктуу маселелер бардык жерде бар экендигин, тек гана бул айрым жерлерде азыраак кездешсе, айрым жерлерде көбүрөөк кездешерин айтышат. Адистердин баамында, бул жерде автор бир-эки мисалга гана таянып, дээрлик кыргыз аялдарынын беделине шек келтирип койгон. “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова да бул макалага атайылап боёк сүртүлгөн, окуя күчөтүлүп берилген деген ойдо:

- Журналисттердин да максаты болот да бир нерсе жазып атканда. Мына биз он эки жылдан бери ушул маселе менен иштеп келатабыз. Мындай көйгөйлөр дүйнөнүн бардык жерлеринде бар. Бирок бир-эки эле мисалга таянып тыянак чыгара бергенде өлкөнүн беделине шек келип атат.

Сүрөт 7cont.ru интернет баракчасынан алынды.