Бүгүн парламент эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкуловдун аталган палатанын өткөн жылкы иши боюнча отчетун укту. Гаипкуловдун айтымында 2007-жылы республика боюнча 1802 аудитордук текшерүү жүргөн. Бюджеттик ишканалар он эки минден ашык жолу, жергиликтүү бийлик органдары 170 жолу текшерилген. Бул иштердин жыйынтыгында өлкөгө 4,5 млр. сом жана алты млн. долларга зыян келтирилгени маалым болгон. (AiJu)