15:27 Элдик курултай Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт

Бул маселе чечилгенин “Азаттыкка” “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, 12-апрелге белгиленген курултайга республика боюнча бир жарым миң делегат катышмакчы. Делегаттар 10-апрелден тарта Бишкекке келе башташат. Ушул эле күнү делегаттар “Атабейит” комплексинде 1938-жылдагы Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскеришип, алардын арбагына багышталган куран окулат. (SM)