Ооганстанда канадалык бир жоокер каза тапты

24 жаштагы жоокер кечээ талибдердин таасири күчтүү болгон түштүктөгү Кандагардан батыштагы Панживайи ооданында жол боюнда бомба жарылганда көз жумду. Ал Ооганстанда 2001-жылы талибдер кулатылгандан бери курман болгон Канаданын 82-аскери болуп калды.