17:45 Тышкы иштер министри Эднан Карабаев НАТОнун саммитине катышып келди

2-4-апрелде Бухарестте өткөн НАТО саммити тууралуу министрдин маалыматын дүйшөмбүдө билдирерин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Ал эми кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров баш болгон депутаттардын делегациясы Санкт-Петербургда өткөн КМШ мамлекеттеринин парламент аралык жыйынына катышып келишти. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда төрага дүйшөмбү күнү “Жаңы парламенттин иштегенине жүз күндүгүнө” байланыштуу маалымат жыйынын өткөрөт. (AJ)