Мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан жолугушууда Кыргызстанга инвестициялык мүмкүнчүлүктү таанытуу маселеси көтөрүлүүдө. Маалыматка караганда өкмөт башчы элчилерге, дипкорпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө инвестиция тартууга Кыргызстанда жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи. (AJ)