Рим Папасы Бенедикт 16чы АКШга алты күндүк сапар менен келди

Вашингтондо аны президент Жорж Буш күтүп алды. Папа менен президенттин Акүйдө жолугушуусу белгиленген. Бенедикт 16нын ошондой эле АКШдагы католиктердин лидерлерине кайрылуусу, Улуттар Уюмунда сөз сүйлөөсү, 2001-жылы террордук актыда кыйраган кош имаратттын ордунда болушу күтүлүүдө.