Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда мындай чектөө дүйнөдө алгачкы жолу киргизилүүдө. Чечим кайчы пикирлерди жаратканы менен, бир катар австриялык шаарлар Грацтан үлгү алууну караштырууда. Демилгенин автору, шаар мэри Зигфрид Нагелдин ырастоосунда, трамвай, автобустарда телефон менен сүйлөшкөн адамдардын добушу кыжырданууну пайда кылат.