Улуттар уюмунун агенттиги бүгүнкү билдирүүсүндө сырттан чукул жардам берилбесе, анын арты Пхеньян үчүн олуттуу болот деп эскертет. Былтыр жайында Түндүк Кореяда суу каптоо болуп, анын айынан быйыл эгин аз жыйналат деп күтүлүүдө. Азык-түлүк агенттигинин болжолунда, өлкөдө 6 жарым миллиондой киши тое тамактанбайт.