“Казакстан Сегодня” агенттиги кабарлагандай, мындай чечимге кечээ Астанада кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрү келишти. Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар вице-министри Дүйсөнбай Тургановдун айтымында, консорциумду түзүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү 29-30-апрелде Бишкекте чогулмай болушту.(MSu)