Ооганстанда жан кечти жардырган бомбадан жыйырма төрт адам мүрт кетти
Отуздан ашык адам жараат алды. Ооган бийликтеринин маалымдашынча жардыруу өлкөнүн түштүк-батышындагы Заранж шаарында орун алды. Өлгөндөрдүн арасында жогорку даражадагы эки полиция кызматкери бар экени кабарланууда. Кандуу окуя иликтенүүдө.