Рим католик чиркөөсүнүн башчысы тарыхта алгачкы жолу АКШдагы жөөттөрдүн ибадатканасына сапар жасады

Атап айтканда Папа Бенедикт 16-чы Нью-Йорктогу Park East синагогасында болду. Аны Австрияда туулган раббин Артур Шнайер тосуп алды. Раббиндин үйбүлөсү Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы нацисттердин кыргынына учураган.