Ирактын Басра шаарында өкмөттүк аскелер менен согушкерлер ортосунда айыгышкан кармаш тутанды

Аскерлер радикал шийи лидери Муктада ас-Садрга лоялдуу чөлкөмгө кирип барышкан. Ройтерстин жергиликтүү кабарчысы таң атканда ок атышуунун жана жардыруулардын добушун укканын маалымдады. Ушундай эле уруш Насирияда болгону кабарланууда.