Жаңылыктар Ооганстандын “Ариана” телеканалы индиялык телесериалды көрсөтүүнү токтотту 21-Апрель, 2008 Ооган диниятчылары телесериалды мусулманчылыкка сыйбаган нерселерди көрсөтүүдө деп сындагандан кийин көрсөтүлбөй калды. Ооган өкмөтү мындан ары берүүлөрдүн мазмуну тууралуу көрсөтмөгө баш ийбеген телеканалдар юридикалык жаза алаарын эскертти.