08:35 Бүгүн жалпы республика боюнча эмдөө жумалыгы башталат

Аталган иш чаранын алкагында калкка эмдөө-профилактикасынын зарылдыгы тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле бүгүнтөн тартып ЮНИСЕФтин колдоосу менен витаминдештирүү иш-чарасы өтө баштайт. А витамини 6 айдан 5 жашка чейинки балдарга жана энелерге берилет. Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, витаминдештирүү акысыз жана ар бир бейтапканада жүргүзүлөт. Кыргызстанда А витамини менен камсыз кылуу чарасы акыркы жылдары өлкө ичинде балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү жогорулаганына байланыштуу өткөрүлө баштаган.(MSu)