Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча өкүлү Ооганстанга келди

Хавьер Солананын Кабулдагы визитинин башкы максаты – Ооганстанга жардам көргөзүү боюнча эл аралык конференцияны даярдоо. Андай жыйын ушул жылдын 12-июнунда Парижде өтөөрү белгиленүүдө.
Хавьер Солана иш сапары учурунда ошондой эле ооган парламентинин депутаттары, коалициялык күчтөрдүн командачылыгы жана БУУнун элчиси менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.