07:25 Шаардык кеңеш жол кире баасын жогорулатуу маселесин карайт

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүнкү отурмунда кичи автобустардагы жол акы канча сомго көтөрүлөөрү чечилиши күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, жол акы 5 сомдон 7 же 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Өлкөдө күйүүчү майга баанын жогорулашынан улам кичи автобус ээлери жол акыны жогорулатууну суранышып мэрияга кайрылышкан. Шаардык кеңештин бүгүнкү сессиясында жалпысынан 17 маселе каралат.(MSu)