08:36 Электр жарыгын өчүрүү маалы зымдардын уурдалуу коркунучунан жарыя кылынбай жатат

Бул тууралуу энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков кечээ парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, жарык кайсы маалда өчүрүлөөрү белгилүү болгон соң, зымдар уурдалып кетип жатат. Министрдин белгилешинче, жарыкка өз убагында кардарлардын 60 гана пайызы төлөп жаткандыктан, карыздар барган сайын өсүп жатат.(MSu)