Хьюман Райтс Уотч уюму Евробиримдикти Өзбекстанга каршы санкцияларды күчүндө калтырууга чакырды

Нью-Йорктон иш алпарган уюм өлкөдө адам укуктарынын абалы түпкүлүгүнөн оңолмоюнча, 2005-жылы Анжиян козголоңу күч менен басылгандан кийин киргизилген санкциялар кала бериши керек деп эсептейт. Бул маселени Евробиримдик ушул тапта талкуулап жатат.