"АДАМ ЖАНА БАЗАР": ЖОЛКИРЕ КЫМБАТТАДЫ

Мурда маалымдалгандай, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен шаардагы транспорттордо жүрүү акысы кымбаттады --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/35236C0E-C9B4-40B3-8EC4-B3D872CF712E.asp . Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта автобус, троллейбустарда жолкире 5 сом, кичиавтобустарда күндүз 8 сом, кечкисин 10 сом болмокчу. “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөктүн бул жолку чыгарылышы жолкире маселесине арналды.
Өтүп бараткан жумада Бишкек шаардык кеңеши шаардагы транспортто жүрүү акысын кымбаттатты. Ага ылайык автобус, троллейбустарда жүрүү акысы 5 сом, кичиавтобустарда күндүз 8 сом, кечкисин саат 21-24 кө чейин 10 сом болду. Шаардык кеңештин токтому үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта күчүнө кирип, 31-декабрга чейин жарактуу болот. Жолакыны кымбаттатуу тууралуу маселени депутаттарга сунуштаган Бишкек шаар мэри Данияр Үсөнов минтип мөөнөт коюунун себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

-Жолакысы жыл сайын каралып турат. Бир ай мурда күйүүчү майдын баасы 25 сом болчу. Бүгүн ал 31 сомго чыгып отурат. Дүйнөлүк базарда баа күн санап өсүп жаткан учурда күйүүчү май дагы үч-төрт айдан кийин канчага жогорулайт, бул белгисиз. Буга чейин мындай мөөнөт болбогону үчүн жол кире он жылдап алмашпай келатат да. Он жыл мурда болсо күйүүчү май 4 сом болчу. Эми мындан ары жыл сайын карала турган болот.

Данияр Үсөнов өз учурунда мына ушундай баа саясатынын жоктугунан шаардагы ири автобустар жок болуп кеткендигин белгилдеди. Ал эгер бааны көтөрбөсө мындай тагдыр кичиавтобустарды да күтүп турат, деп эсептейт.

Патент, лицензия, ижара акысы кымбаттаса...анда бааны көтөрүүнүн кереги жок

Шаар мэри ошондой эле кичиавтобуста эл ташууга берилүүчү уруксат кагаздын баасын көтөрүүнү жана патентти да кымбаттатууну сунуш кылды. Мэрдин айтуусунда жолкире кымбаттагандан кийин айдоочулардын кирешеси көбөйөт, ал эми лицензия менен патентти кымбаттатуудан шаардык бюджетке көп каражат күтөт.

Кичиавтобустардын айдоочулары болсо буга каршы чыгышууда. Алар мындай болсо жолкирени 5 сомдон өйдө көтөрүүнүн кереги жок, деп эсептешет. Жолакынын кымбаттаганы албетте жүргүнчүлөрдү да кубандырган жери жок.

Өзүн Рахат деп тааныштырган Бишкектин тургуну жолкирени көтөргөнгө жараша айлык акыларды да көбөйтүүгө тийиш өкмөт деп эсептейт:

-Мына эки ай болду, айлык акыбызды ала элекпиз. Ансыз деле беш сомду араң таап атабыз. Айлыкка болбогон акча кошуп коюп, анан бааны көтөргөнгө эле өтүп атышат.

Жолкиренин кымбаттаганы жана кичиавтобустагы пенсионерлерге берилген жеңилдиктин алынып салынышы карыялардын нааразычылыгын туудурууда. Алар шаардык мэриянын жеңилдиктин ордуна акча беребиз дегенине да ынанбай турушат. Арчабешик жаңы конушунун тургуну, пенсионер Акен Ашуубаева бийлик элге каршы иштей баштады, деген пикирде:

-1000 сомго жетпесе пенсиябыз. Ал курсагыбызга жетеби, жолубузгабы, же дары-дармеккеби? Баанын кымбатташы байларга билинбейт, баары өздөрүнүн машиналары менен жүрүшөт. Кедейлер кантебиз? Эмне бийлик элди кырып салгысы келип атабы?

Жолакынын 5 сомдон 8-10 сомго кымбаттаганы студенттерди да түйшөлтүүдө. Кээ бир окуу жайларынын студенттери сабагына байланыштуу бир күндө бир нече жолу автоунаага чыгып-түшүүгө туура келет. Муну белгилеген студенттер Нуржан менен Кубан кара курсак менен жол үчүн сабакты таштап, иштөөгө туура келерин айтышат.

Кичиавтобустардын айдоочулары да бааны 8-10 сомго көтөрүлгөнүнө өтө эле кубанып кетишкен жок. Аларды биринчиден шаардык мэриянын патент менен лицензиянын баасын кымбаттатуу тууралуу сунушу тынчсыздандырууда. 180-маршруттук багыттын бригадири Сатыбалды Хакимов айдоочулар шаар бийлигине жазган катында мектеп окуучулары менен пенсионерлерге бааны 5 сом боюнча калтырууну сунуш кылышкандыгын, бирок негедир бул сунушу өтпөй калгандыгын айтат:

-Биз пенсионерлер менен мектеп окуучуларына 5 сомдон калтырып, калгандарына 10 сомдон кылып бергиле деп сураганбыз. Бирок депутаттар ушинтип чечип коюшуптур. Эми албетте, окуучулар менен пенсионерлерге кыйын болот.

Биз сөзгө тарткан айдоочулар күйүүчү майдан тышкары автобөлүктөр, ижара акысы, оңдоп-түзөө иштеринин да баалары кымбаттаганын, булар да эске алынышы керек, деген ойлорун билдиришти. Эгер буга кошулуп, салык менен лицензия кымбаттаса анда жолкирени 5 сомдон кымбаттаткандын айдоочуларга эч кандай айырма болбой тургандыгына күйүп-бышышты.

Кичиавтобустарда эл ташууга уруксат кагазды Транспорт жана байланыш министрлиги берет. Ал эми төлөнгөн салык катары эсептелүүчү патентти мамлекеттик салык инспекциясы берет. Бишкек шаар бийлиги кичиавтобустарга эл ташуу үчүн берилүүчү уруксат кагаз берүүнү жана аларга патент сатууну өз карамагына алууну көздөөдө. Бул тууралуу билдирген шаар мэри Данияр Үсөнов мындай мазмундагы документ өкмөттүн токтому менен даярдалып жаткандыгын белгиледи:

-Өкмөттүн токтому менен лицензия берүү укугун жана ага көзөмөл жүргүзүүнү Транспорт министрлигинен Бишкек шаардык транспорт инспекциясына өткөрүп берүү жана ошондой эле патент берүүнү да көзөмөл жүргүзүү менен бирге Бишкек шаардык мэриясына өткөрүп берүү тууралуу документтин долбоору даярдалды, - дейт Данияр Үсөнов.

Расмий маалыматтар боюнча Бишкекте күн сайын 70ке жакын троллейбус, 10 автобус жана 3000 ден ашуун кичи автобустар шаар калкын ташууга чыгат. Бирок бүгүнкү күндө шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташып иштеп жаткан кичиавтобустардын саны бул көрсөткүчтүн жарымы гана. Ал эми троллейбус парктарында 42 троллейбус ишке жараксыз турат. Троллейбус паркын каржылоого шаардык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн, бирок бул аздык кылат.

Шаар мэринин айтуусунда казактардын “Туран” банкы шаарга ири автобустарды сатып алуу үчүн 5 млн доллар кредит берүүгө макул болгон. Борбор калаага муниципалдык, ири автоунааларды апкелмейинче жалаң жолкирени көтөрүү менен маселе чечилбей тургандыгын жүргүнчүлөрдү ташуучулар өздөрү да белгилешет. Эл ташуучу “Акжолтой” фирмасынын президенти Кеңешбек Жусупов миллион калктуу борбор калаада транспорт маселеси чечилет дегенге кепилдик жок деп эсептейт:

-Cебеби азыр жүрүп аткан 3 000 кичиавтобус элди тартып жетише албай жатат. Ошондуктан бааны 8-10 сомго чыгарганы менен маселе чечилбейт. Эгерде чоң-чоң автобустар келсе, ошондо баарын ордуна коюуга болот.

Жолкирени көтөрүп берүү өтүнүчүн Оштогу айдоочулар да коюшууда

Шаардык транспорт катары жүргөн кичиавтобустардын көптүгү жагынан Бишкектен кийинки орунда Ош шаары турат. Оштогу жүргүнчү ташыган автоунаа айдоочулары да күйүүчү майдын кымбаттап кеткен себеби менен жолкирени көтөрүп берүү талаптарын шаардык бийликке коюп жатышат. Мындан үч жыл мурун 4 сомдон 5 сомго чыгарылган тейден, азырынча өзгөрүүсүз.

Шаардагы унаа айдоочулардын бири Накен Бубатаев шаар бийлиги ушул маселени эртерээк чечип берсе жакшы болмок, деп каалайт. Ал эми студенттер Ош шаарында мектеп окуучуларына, студенттерге жеңилдик берилсе жакшы болорун айтышууда. Ошто студенттерге эзели жеңилдик болбогондугун белгилеген студент Канатбек Асамидинов шаар бийлиги мына ушул маселени да караса, дейт:

-Маршрутка 5 сом, троллейбус 3 сом. Бизге дегеле жеңилдик берилген эмес. Жолкире кымбаттаса 250 сом стипендияны каягына жеткиребиз? Жолкирени көтөрүүдөн мурда айлык акы, пенсия, стипендия маселеси чечилип, көбөйтүлүшү керек.

Айрым жүргүнчүлөр жолакысын көтөрүүгө өтө эле каршы эмес. Алар күндүз 5 сомдук бааны калтырып, кечкисин 15-20 сомго чейин чыгарып кое берүүнү сунушташууда. Мындай пикирдеги жүргүнчүлөр кечинде шаарда транспорт такыр эле токтоп калып жаткандыгын белгилешет.

Бишкекте жолкире маселеси чечилгенден кийин Оштогу унаа айдоочулары да жолакыны кымбаттатып берүү өтүнүчү менен шаар бийлигине жана шаардык кеңешке кайрылышкан. Ош шаар мэринин орунбасары Мухиддин Мамасадыковдун “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча буга байланыштуу атайын комиссия түзүлдү. Ал дүйшөмбүдөн тартып ишке киришет. Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин жол кире канчага кымбатташы сөзсүз билинет:

-Комиссияга транспорт инспекциясынан, МАИден, шаардык бийликтен жана айдоочулардын өкүлдөрү кирген. Алар жолакынын хронометраждык түрдө иликтөөгө алышат. Алардын жыйынтыгы боюнча бааны аныктап, маалымат каражаттары аркылуу элге, ошондой эле депутаттарга кайрылабыз. Алар колдоп берсе көтөрүлөт. Ага чейин 5 сомдон эле жүрүшөт.

Мухитдин Мамасадыковдун айтуусунда шаарга чоң-чоң автобустарды алып келүүгө аракеттер болууда:

-Жок дегенде шаардын борборуна алып келишибиз керек. Азыр инвесторлорду издеп атабыз. Мындан тышкары троллейбустун 3-линиясын куруу иштери да аз-аздан болуп атат, буйруса ал бүтүп калса, жеңилирээк болуп калат.

Сүрөт wikimedia.org интернет баракчасынан алынды.

Замира Кожобаева, Бишкек
Фатима Абдалова, Бишкек
Алишер Токсонбаев, Ош