Беларус велосипедчиси “Жорджия турун” жеңип алды

Белорусиялык 25 жаштагы спортчу Константин Сивстов американын түштүк штатында – Жорджияда өткөн велосипедчилердин мелдешин жеңип алды. Ал марага 22 саат, 44 мүнөт, 44 секундда жеткен. Экинчи орунду австралиялык Трент Лоу жеңип алды.