Газа тилкесинде Израиль армиясынын чабуулунан палестиналык 6 киши каза тапканы кабарланууда

Израилдик танктан атылган дүрмөт турак жайга тийип, анын ичиндеги 1 аял 4 баласы менен кошо жан таслим болду. Бул тууралуу палестиналык дарыгерлер билдиришти. Ошол эле чөлкөмдө куралчан бир адам жөөт аскерлери менен аткылашууда окко учту.Израиль армиясы Газада аскерий операция жүргүзгөнүн тастыктады.