Быйылкы жылы Талас аймагынан алгачкылардан болуп облустук администрация “Манас ордого” зыяратты баштады. Жакында облустун губернатору бардык облустук мекеме-уюмдун кызматкерлерине Улуттук “Манас ордо” комплексине зыярат кылуу боюнча токтомго кол койгон. Мындай кат бардык республикалык, мамлекеттик мекеме-уюмдарга да жөнөтүлгөн. Республикалык деңгээлдеги мекемелерден алгачкылардан болуп быйыл ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өз жамааты менен келип зыярат кылып кеткен. (UA)